КУПУЯЛЫК САЯСАТЫ

  1. Жалпы жоболор

     1.1 Бул жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты КРнын 2025-жылдын 31-июлундагы Санарип кодексинин талаптарына ылайык түзүлдү жана «Албан Лидер» ЖЧКсы (мындан ары – Санарип ресурсунун ээси, СРЭ) тарабынан ишке ашырылуучу жеке маалыматтарды иштеп чыгуу тартибин жана алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды аныктайт.

    1.2 СРЭ өз ишин аткарууда жана жеке маалыматтарды камтыган санарип маалыматтарды иштеп чыгууда жеке тараптардын укуктары менен эркиндигин камсыздоону өзүнүн маанилүү максаты жана шарты деп эсептейт. Анын ичинде жеке жашоонун кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк сырга болгон укуктарды коргоону камтыйт.

     1.3 Санарип ресурсунун ээсинин жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча бул саясаты www.jobeducationhub.kg сайтынын конокторунан СРЭ ала турган бардык маалыматтарга колдонулат. 

2. Саясатта колдонулчу Негизги түшүнүктөр

      2.1 Жеке маалыматтарды автоматташтырылган түрдө иштеп чыгуу – жеке маалыматтарды компьютердик система жана программалардын жардамы менен иштеп чыгуу.

      2.2 Санарип ресурсу – санариптик жазууларды жана (же) санариптик маалыматтарды сактоого, пайдаланууга жана аларга жеткиликтүүлүктү камсыздоого, анын ичинде www.jobeducationhub.kg тармактык дарегинин суроо-талабы боюнча багытталган санариптик жазуулардын, графикалык жана маалыматтык материалдардын, анын ичинде маалыматтар базасынын иреттелген жыйындысы.

2.3 Иштеп чыгуу – бул санариптик маалыматтар (санариптик жазуулар) менен аткарылуучу ар кандай аракет (операция) же аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичине жыйноо, жазуу, уюштуруу, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо, адаптациялоо же өзгөртүү, жүктөө, көрүү, пайдалануу, берүү аркылуу ачыктоо, жайылтуу, алмашуу же жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун башка түрлөрү, салыштыруу же айкалыштыруу, чектөө, өчүрүү же жок кылуу кирет.

  1.     Колдонуучу — www.jobeducationhub.kg сайтына кирген адам.

      2.5     Жеке маалыматтарды жайылтуу — жеке маалыматтарды бөтөн адамдарга ачууга багытталган ар кандай аракеттер (жеке маалыматтарды берүү) же жеке маалыматтарды бардык адамдарга жеткиликтүү кылуу, анын ичине жеке маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарга жайгаштыруу же кандайдыр бир башка ыкма менен аларга жеткиликтүүлүктү камсыздоо да кирет.  

  1.     Жеке маалыматтарды чек аралык жайылтуу – башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы жеке маалыматтардын ээсинин жазууларын берүү. 
  1. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаты 

      2.1 Иштеп чыгуунун максаты ишке орноштурууга көмөктөшүү, кызматкерлерди тандоого жана билим алууга жардамдашуу; кызмат көрсөтүү (чет өлкөлүк окуу жайларды тандашуу, документтик коштоо, мотивациялык каттарды жазууга жардамдашуу, жумуш берүүчүлөр менен маектешүүгө, анын ичинде Zoom, Microsoft Teams, Google Hangouts аркылуу маектешүүгө даярдоо, жумуш берүүчүлөр талап кылган эл аралык стандарттагы CV түзүү жана иштеп чыгуу) жөнүндөгү келишимдерди түзүшүү.

      2.2 Маалыматтарды чек аралык берүү КР жарандарын Улуу Британияга ишке орноштуруу үчүн 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1664 мамлекеттик уруксатына ылайык ишке ашырылат.  

  1. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун принциптери

    4.1 Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдуу жана адилеттүү негизде жүргүзүлөт.

    4.2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу конкреттүү, алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарга жетүү менен чектелет. 

    5. Субъекттердин категориялары жана жеке маалыматтардын курамы

Кандидаттар (талапкерлер): Аты-жөнү, дареги, билими жана эмгек тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар (резюме).

Кардарлар (иш берүүчүлөр): Өкүлдөрдүн аты-жөнү, байланыш даректери, компаниянын реквизиттери.

Сайттын колдонуучулары: Сookie, IP-дареги, ресурстагы жүрүм-турум жөнүндө маалыматтар.

Субъект төмөнкүлөргө укуктуу:

            — өзүнүн маалыматтарына жеткиликтүүлүк алууга жана аны актуалдаштырууга;

            — макулдукту каалаган убакта кайтарып алууга;

            — өчүрүүнү талап кылууга («унутта калууга» укук).

     6. Укуктук негиздер

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Эмгек кодекси жана Санарип Кодекси (2025-жылдын 31-июлундагы)

Субъекттин жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу.

     7.  Жыйноо, сактоо жана берүүнүн тартиби

Сактоо мөөнөтү: Жеке маалыматтар иштеп чыгуунун максатына жетишкенде же макулдукту кайтарып алганга чейин сакталат.  

Үчүнчү жактарга берүү: Талапкерлердин маалыматтары потенциалдуу Иш берүүчүлөргө берилет. 

Субъект буларга укуктуу:

  • Өзүнүн маалыматтарына жеткиликтүүлүккө жана аны актуалдаштырууга;
  • Макулдукту каалаган убакытта кайтарууга;
  • Өчүрүүнү талап кылууга («унутта калуу» укугуна).